ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ
ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ – жер жүзүндө жашаган элдердин тилдери. Азыркы учурда дүйнөдө 6 миңден ашуун тил бар. Булардын ичинен эң кеңири тараганы жана сан жагынан көп киши сүйлөгөнү – кытай, англис, хинди, испан, араб, орус, немис ж. б. тилдер. Дүйнө тилдеринин изилденүү деңгээли бирдей эмес. Ошондуктан аларды бөлүштүрүүдө көбүнчө тектештик белгилери жетекчиликке алынат. Бир тилден тараган, бир булактан келип чыккан жакын жана алыс тектеш тилдер тилдик семья, ал эми бир семьянын ичиндеги жакын тектеш тилдер тилдик топтор деп аталат. Дүйнө тилдери негизинен, төмөнкүдөй семьяларга жана топторго бөлүнөт: 1. Алтай тилдеринин семьясы: курамына түрк (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, уйгур, түркмөн, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, азербайжан, түрк, гагауз, хакас, тува, алтай, якут, чуваш, шор жана башка), моңгол (моңгол, бурят, калмак жана башка), тунгус-манжу (эвенк, эвен, манжу, нанай, орок жана башка) тилдеринин тобун, корей ж-а япон тилдерин камтыйт. Евразия кең мейкиндигине тараган түрк тилдери ич ара булгар, огуз, кыпчак, карлук, кыргыз (кыргыз-кыпчак) сыяктуу чакан топторго жиктелет. Корей, япон тилдеринин алтай семьясына тектеш экендиги алтаистикада кеңири белгиленип келе жатат. 2. Индевропа тилдеринин семьясы: герман (англис, немис, голланд, швед, исланд, латыш, литва жана башка), роман (италян, француз, испан, португал, румын, молдова жана башка), славян (орус, украин, белорус, поляк, болгар, серб, хорват жана башка), иран (фарсы, пушту, тажик, осетин жана башка), инди (инди, бенгал, урду, цыган жана башка) топтору. 3. Кытай-тибет тилдеринин семьясы кытай, тибет, бирма, тай, лаос, дунган жана башка тилдерди камтыйт. 4. Фин-угор тилдеринин семьясына фин (фин, эстон, коми, карел, веп, ижор жана башка) жана угор (мажар) (венгр, мордва, марий, ханты, манси жана башка) топтору кирет. Айрым окумуштуулар муну алтай семьясы менен бириктирип, урал-алтай тилдеринин тектештиги деп карашат. 5. Семит-хамит тилдеринин семьясына семит (араб, иврит, ахмор, айсор, тигре жана башка), хамит (кашит, бербер, чад жана башка) топтору кирет. Байыркы аккад, арамей, финикий эстеликтеринин тили да ушул семьяга тиешелүү. 6. Кавказ тилдеринин семьясы грузин, сван, абхаз, адыгей, абазин, кабардин, чечен, ингуш, авар, лак, даргин ж. б. тилдерди камтып, Түндүк Кавказ жана Түштүк Кавказ топторуна бөлүнөт. 7. Дравид тилдеринин семьясы Түштүк Индия менен Шри-Ланкага тараган тамил, малаялам, каннада, телугу, куи, гонди жана башка тилдерди камтыйт. 8. Австронезия тилдеринин семьясы: Индонезия, Филиппин, Малазия, Океания аймактарында жашаган көптөгөн элдердин тилдери. Дүйнө тилдеринин ичинен Америка, Африка, Полеазия, Полинезия жана башка. чөлкөмдөргө тараган көп сандаган тилдердин чыгыш теги илимий жактан бүгүнкү күнгө чейин так аныктала элек.