ДОМИНИКА
ДОМИНИ́КА (Dominica), Д о м и н и к а Ы нт ы м а к т ы г ы (The Commonwealth of Dominica) – Вест-Индиядагы өлкө, Кариб деңизиндеги Кичи Антиль архипелагындагы Доминика аралын ээлейт. Аянты 751 км2. Калкы 74 миң (2020). Борбору – Розо шаары. Административдик-аймактык жактан 10 округга бөлүнөт.
Доминика – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1978-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат. 2020-жылдан Л. Абинадер). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Чогулуштар палатасы). Аткаруу бийлигин өкмөт жүзөгө ашырат, премьер-министр болуп парламентте көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Доминика эркиндик партиясы, Доминика лейбористтик партиясы, менттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат. 2020-жылдан Л. Абинабер). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Чогулуштар палатасы). Аткаруу бийлигин өкмөт жүзөгө ашырат, премьер-министр болуп парламентте көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Доминика эркиндик партиясы, Доминика лейбористтик партиясы, Доминика жумушчулар бириккен партиясы.

Доминика аралы жанар тоодон пайда болгон. Жеринин бети тоолуу, эң бийик жери 1586 м (Дьяблотен жанар тоосу). Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу, жылдык жаан-чачыны 2000 мм. Жайында жана күзүндө тропиктик катуу шамал (ураган) болуп, чарбага көп зыян келтирет. Кууш, пляждуу түзөң жээгинин айрым жерлеринде тоо жээкке тик түшүп, клифттерди пайда кылат. Айлык орточо температурасы 25–27°С. Тоо капталдарын нымдуу тропик токою, жээктерин цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары ээлейт. Тоолордон токой аралап агып түшкөн суулары босого-шаркыратмаларга бай;


эң кооз Трафальгар шаркыратмасы Розо шаарынан 8 км аралыкта жайгашкан. Ысык булактар көп.
Калкынын курактык курамы: 15 жашка чейинкилери – 29%, 15–65 жаштагылары – 63%, 65 жаштан ашкандары – 8%. 1000 кишинин ичинен туулганы 18,27, өлүмү 7,3. Жалпысынан өлкөнүн калкы азаюуда: 2000-жылы 75,1 миң калкы болсо, 2005-ж. 69 миңге чейин азайган. Ал эми 2020-жылы 74 миңди түздү. Негизинен африкалык доминикалыктар; мулаттар 10%ке жакын. Расмий тили – англис тили; ошондой эле жергиликтүү креол тилинде да сүйлөшөт. Калкынын басымдуу бөлүгү католик динин тутат. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.

Доминика БУУнун (1978), Америка өлкөлөрү уюмунун (1979), Кариб биримдигинин, Чыгыш Кариб өлкөлөрү уюмунун мүчөсү; Бейтарап өлкөлөр кыймылына кирет.

Доминика – агрардык өлкө. Өлкөнүн ИДПси – 257 млн АКШ доллары (2004). Экономикасынын негизин айыл чарбасы жана туризм түзөт. Негизинен банан (айыл чарба продукциясынын 95%), цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айыл жана токой чарбаларында, балык уулоодо экономикалык активдүү калктын 40%тейи иштейт. Өнөр жайынын негизин айыл чарба сырьёсун иштетүүчү чакан ишканалар түзөт. Пемза, акиташ тектери казылып алынып, иштетилет. Чет элдик туризм өнүгүүдө; анда экономикалык активдүү калктын 20% иштейт. Өлкө сырткы экономикалык жардамга өтө күнкор.
Экспортко (2003, 39 млн АКШ доллары) банан (75%), лимон ширеси, копра ром, пемза ж. б. чыгарып, сырттан өнөр жай жабдууларын жана товарларын, транспорт каражаттарын, азык-түлүк алат (импорттун көлөмү 38 млн АКШ долларына барабар). Негизги соода шериктери: Улуу Британия, АКШ, Канада, Кариб биримдигине кирген өлкөлөр.
Автомобиль жолунун узундугу 780 км. Эки аэропорту жана 2 деңиз порту бар.
Калкынын сабаттуулук деңгээли – 95%тей. Педагогикалык институт бар. Эң негизги «Кроника» гезити жума сайын чыгат; америкалык телеканалдарды көрсөтүүчү жеке менчик телекомпаниялар, 6 радиостанция иштейт.
Биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта эле Доминика аралын индей уруулары – аравакилер жердешкен. 14-кылымда аларды согушчан кариби уруулары сүрүп чыгарган. 1493-жылы 3-ноябрда арал Х. Колумб тарабынан ачылып, ачылган күндүн урматына Доминика деп аталган (латынча dominical – жекшемби). 1632-жылы мында алгач француздар, англичандар келген. 1763-жылдан арал Улуу Британиянын колониясына айландырылган. 1834-жылы колонияда кулчулук жоюлган. 1958–62-жылдарда Доминика Вест- Инд федерациясынын курамында келген. 1967-жылы Доминика Шериктештиктин курамына кирген. 1978-жылы Доминика көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1980-жылы шайлоодо Доминиканын эркиндик партиясы жеңишке жетишип, анын лидери Юджиния Чарлз Кариб өлкөлөрүнүн арасындагы аялдардан чыккан алгачкы премьер-министр болуп шайланган. 1995-жылы Доминиканын бириккен жумушчулар партиясы шайлоодо жеңип чыгып, Э. Жеймс өлкөнүн өкмөтүн жетектеп калган. 2004-жылдан премьер-министри – Р. Скеррит.
Ад.: Страны мира. Справочник – 2006 / Под общей ред. С. В. Лаврова. М., 2006.