ДОЛОН 1
ДОЛОН (моңголчо жети) – КЭРдин Синьцзян автономиялуу облусунда (Жарган-Дарыя, Чекилдек, Караңгылык) жашаган калктардын бири. Бүгүнкү күндө уйгурларга жуурулушуп бараткан Долондун түпкү теги айрым маалыматтарда кыргыз экендиги белгиленет. Долондун материалдык маданияты жана антропологиялык тиби да кыргыздарга жакын. Ч. Валиханов Чыгыш Түркстандагы Барчык жана Марал-Башы аймактарын мекендеген Долон аттуу өзгөчө уруу жөнүндө жазып, алар өздөрүнүн тегин кыргыздар менен жалпы экендигин белгилешерин эскерген. Санжыра маалыматтарында Долон бий Ак уул, Куу уулдун атасы деп айтылып, алардан кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулары тарары айтылат. Этноним жети уруу же жети уруу эл маанисин да туюнтушу ыктымал.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргызы и их этногенетические этнокультурные связи. Ф., 1990.
О. Каратаев.