ДОЛИНКА (КАРА-ОЙ) БАТКАК КЕНИ
ДОЛИ́НКА (КАРА-ОЙ) БАТКАК КЕНИ – Ысык-Көл районундагы дарылык касиети бар баткак жаткан жер. Ысык-Көлдүн жээгинде, Кара-Ой кыштагынын түштүк-чыгышында. 1957-жылы табылып, 1965-жылы запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон. Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2–0,3 м) күкүрттүү суутек жыттанган кара түстөгү ылай баткактан, асты бозомтук кара (0,3 м) жана боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум жана кум топурактуу ылай жатат. Баткак аз минералдашкан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткактагы Н2S 75 мг/лге жетет). Баткактын нымдуулугу 43–53%, 0,25 ммден чоң өлчөмдөгү бүртүкчөлөр менен булганышы 0,2 %тен ашпайт. Салыштырма салмагы 1,4–1,5. Аянты 2200 м2, орточо калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.