ДНЕПРОПЕТРОВСК
ДНЕПРОПЕТРО́ВСК (1796-жылга чейин жана 1802–1926-жылдарда Екатеринослав, 1796–1802-жылдарда Новороссийск) – Украинадагы шаар. Днепропетровск облусунун борбору. Днепр дарыясындагы порт. Калкы 1,4 млн (2022). Темир жол тоому. Днепропетровск – Украинанын көмүр-металлургия аймагындагы оор өнөр жайдын ири борбору. Кара металлургия (2 металлургия жана 2 куур прокат заводдору жана башкалар), машина куруу (өндүрүш бирикмелери: «Түштүк машина куруу заводу», оор пресс жана башка; тоо кен-шахта жана металлургия жабдуулары, станок, электровоз куруу, комбайн заводдору), радио, химия (пластмасса, шина жана башка), кокс-химия, курулуш материалдар, жеңил, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Украина Илимдер академиясынын илимий борбору. Тогуз жогорку окуу жайы (анын ичинде 2 университет), 5 театр (анын ичинде опера жана балет театры), 3 музей (анын ичинде тарых жана көркөм) бар. 1776-жылы негизделген. Шаар коомдук ишмер Г. И. Петровскийдин урматынан аталган. Потёмкин сарайы (учурда Студенттер сарайы; 18- кылымдын аягы), Приображение кафедралуу собору (19-кылым) сакталган.