ДМИТРИЕВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДМИ́ТРИЕВКА – Чүй облусунун Ысык-Aта районундагы кыштак. Жээк айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Aта суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 5 км чыгыш тарапта. Кыштак 1882-жылы орношкон. Калкы 3920 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, клуб, ФАП, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт.