ДИН ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИН ЫРЛАРЫ– диний мазмундагы ырлар; элдик оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Дин ырларынын сюжети негизинен диний китептердин булакта­рынан (Библия, чиркөө гимндери, Куран, ди­ний легендалар жана апокрифтер) турат. Дин ырларын дубана, сокурлар музыкалык аспаптын коштоосунда ырдаган. Орус фольклорунда дин ырлары 15-кылымдан бел­гилүү. Айрыкча 17-кылымдан тартып диний эски ырым-жырымды жактоочулар менен сектанттар арасында кеңири тараган. Дин ырларында тарыхый окуялар, элдин жакшылык жана адилеттик, дүй­нөнүн жаралышы жана башка жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрү өзүнчө бурмаланып баяндалган. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында жалпы эле дүйнө элдери­нин фольклорундагыдай дин ырлары өзгөчө орунду ээлейт. Анткени, дин ырларынын түпкү жаралышына адамзаттын байыркы баёо «балалык» мезгилинде дүйнөнү миф аркылуу кабылдоосу түрткү бол­гон. Ал эми миф алгачкы учурда поэтикалык чыгармачылыктын, адепки динди жана курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн илимге чейинки көз караштарынын синкреттик биримдигинен түзүл­гөндүгү маалым. Элдик оозеки чыгармачылыктын баш­ка түрлөрүнөн айырмаланган дин ырларынан бир эле учурда поэтикалык чыгармачылыктын өзүнөн башка да алгачкы адамдардын диндик, философиялык көз ка­раштарынын элементтерин табууга болот. Ошол эле учурда дин ырларын салыштыра карай келгенде, ал ырларды жараткан эл кандай тарыхый доор­лорду башынан өткөргөндүгү туурасында маа­лымат алууга шарт түзүлөт. Ушуга байланыш­туу дин ырлары байыркы элдин поэтикалык чыгармачылы­гын, динин, философиясын, тарыхын изилдөөдө табылгыс булак болуп бере алат. Дин ырларынын эл­дик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн дагы бир өзгөчөлүгү – аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот жана ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгө­лөр аткарылып жаткан учурда ырдалат. Айрым дин ырларынын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору жана атайы адистешкен аткаруучулары да бар. Кыргыз элинин дин ырларынын көбүндө диндин алгачкы формаларына таандык ишенимдер сакталып, алардын мазмуну, кээ биринин аткарылыш жөрөлгөсү, ырым-жыры­мы азыр коңшулаш жашаган Орто Азиядагы эл­дердин диний түшүнүктөрүнө, салттарына ка­раганда Сибирдеги түрк тилдүү якут, алтайлык, хакас, шор, туба элдеринин азыркыга чейин сак­талган салттык дин ишенимдери, жөрөлгөлөрү менен өтө жакын, бир типтүү. Элдик ырларда сак­талган байыркы диний жөрөлгөлөргө караган­да, кыргыздар фетишизм, анимизм, тотемизм ишенимдеринде болуп келишкен. Жогоруда атал­ган диндер бири-бири менен жуурулушуп, алар­дын айрым элементтери кыргыздардын каада­-салттарында, анын ичинде диндик ырым-жырым, жө­рөлгөлөрүндө ыр же айтым түрүндө рудимент катары өз издерин күнү бүгүнкүгө чейин сактап келет. Советтик доордун алгачкы учурунда элдик оозеки чыгармачылыкты эл арасынан жазып чогул­туу ишинде атеисттик идеологиянын таасири менен диндик мазмундагы ырларга көңүл бурул­бай, көптөгөн материалдар эл эсинен чыгып, кийинки муундарга жетпей калды. Алгачкы адамдар табиятка түздөн-түз көз каранды бол­гондуктан, ага жүгүнүү, баш ийип сурануу ар­кылуу колдоо, ырайым алууга умтулушкан. Ошондуктан фетишизм, анимизм, тотемизм ише­ниминдеги байыркы адамдар сөздүн керемет күчүнө ишенип, ал аркылуу жаратылыштагы бардык нерселердин, кубулуштардын рухуна, ээсине таасир этип, аны адам өз эркине багын­дырып, көндүрүп ала алат деген баёо түшүнүктө болгон. Жаратылыштагы кубулуштарды, объек­тилерди адаттан тышкары жогорку күчкө ээ кылган мындай магиялык азгырма диний кал­дыктардын көптөгөн түрү кыргыздарда жана алар­га тектеш, жогоруда аталган Сибирдеги түрк эл­деринде кийинки мезгилдерге чейин сакталып калган. Ислам дининин кыргыздарга тарай баш­ташы менен мурдагы фетишизм, анимизм, то­темизм, шаманизм ишенимдеринин негизинде пайда болгон ырлардын ордун мусулман ыйык­тары – Кыдыр Ильяс, Сулайман сыяктуу пай­гамбарлар, кудай (Алла) ж. б. ээлей баштады. Жер-жерлерде бала окутуу менен гана чектелбес­тен, ар бир тойдо, ашта турмушта пайдаланыл­ган майда-барат салттарга чейин диндик мүнөз берүүгө аракет кылышып, ага арналган ырлар­дын бирден-бир булагы болгон курандын жобо­лорун, аяттарын пайдаланышып, Дин ырларын көбүн­чө молдолор чыгарышкан. Ислам дининин му­сулман элдерине таралышы менен Курандын сүрөөлөрү, аяттары жөнөкөй түшүнүктөгү элдерге терең мистикалык, догмалык мааниде чечмеле­нип, бир жагынан күндөлүк турмушта колдо­нуучу эреже катары, экинчи жагынан саясий идеологиялык күчкө айланган. Кыргыз фольклорунда ислам динине байланышкан идеялар макал­-ылакаптарда, табышмактарда, уламыш, леген­даларда, тарыхый даректерде, санжыраларда, жөө жомоктордо, лирикалык ырларда жана эпос­тук чыгармаларда аралашкан, синтездешкен түрүндө арбын учурайт. Кыргыз фольклорунда кездешкен дин ырлары лирикалык түрдүн бир жан­рын түзгөнү менен, жетик көркөмдүккө өсүп жет­кен эмес. Алар негизинен элдик салт ырлары­нын нугунда өнүккөн. Нукура ислам дининин көз караштарын чагылдырган чыгармалар кыр­гыз фольклорунда башка лирикалык ырларга салыштырганда элдик түрү анча катуу өнүкпөй, айрым кат-сабаты жоюлган адамдардын гана чыгармачылыгында учурайт. Бул чыгармалардын лек­сикасында динге байланышкан араб, фарсы тилиндеги терминдер жыш колдонулуп, грамматикалык жагынан чагатай тилине жакындаштырылып, муун өлчөмдөрү кыргыздын салттык ырларын­дагыдай 7–8 муундан эмес, жазма адабияттын таа­сиринен улам, көбүнчө 11 муундуу ыр түзүлүш­төрү мүнөздүү. Кыргыз фольклорунда ислам идеологиясын чыныгы поэтикалык деңгээлге көтөргөн, өзүнчө салттык ырга айланган үлгү­лөрү кыргыздар жашаган бардык аймакка та­рап, көп варианттуулукка ээ.

Ад.: Вайнштейн С. И. Тувинское шаманство. М., 1964; Мукасов М. Дин жана арман ырлары. Б., 2001.

М. Мукасов.