ДИКАМБАЕВ
ДИКАМБАЕВ Казы [01. 12. 1913, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Кең-Суу болуштугу (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы)] –16. 02. 2010, Бишкек) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти (1974). 1937-жылы Ташкент эл чарба институтун бүткөн. 1937–40-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комиссиясында экономист, Фрунзе облпландын башчысы, Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо башкармасынын орун басары, 1940–1941- жылдарда Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик текшерүү эл комиссары, 1944–1948-жылдарда Кыргыз ССР тышкы иштер министри, 1948–1949-жылдарда Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары.

1949–51-жылдарда Кыргызстан КП БКга бюро мүчө жана өнөр жай, курулуш, транспорт боюнча секретары, 1951–58-жылдарда партиянын Фрунзе обкомунун 1-секретары, 1958–61-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1961–1986-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (2–5-чакырылышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2–3-, 5-чакырылышынын) депутаты, 1951–55-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин (3-чакырылышында) төрагасы. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу, I даражадагы Ата Мекендик согуш, III (1997) жана I (2003) даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу (2003).