ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ»
ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ» – калктын санынын мезгил-мезгили менен кескин көбөйүүсү. Ал социалдык-экономикалык абалдын жакшыруусуна жана башка себептерге байланыштуу. Дүйнөнүн калкынын саны 19-кылымдын башталышында бир нече жүз миллионду гана түзгөн. 1830-жылы 1 миллиардга жеткен. 18–19-кылымдарда абал кескин өзгөрүп, калктын саны ылдам өсө баштаган. 1930-жылы 2 миллиарддан ашып, 1987-жылы 5 миллиардды түзгөн. 1960-жылы өсүү темпинин төмөндөгөнүнө (2ден 1,65%ке чейин) карабай, бүгүнкү күндө дүйнө калкы жылына 80 миллионго өсүүдө, 21-кылымдын аягында өсүш 90 миллионго жетиши күтүлүүдө. 20-кылымдын 50–60-жылдарында Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө төрөлүүнүн жогорку темпи (калктын жылдык орточо өсүү темпи 2,2–2,8%) сакталып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүм-житиминин) төмөндөшүнө байланыштуу калктын саны кескин көбөйгөн. Ал өлкөлөрдө дүйнөнүн калкынын 50%тен ашыгы жашагандыктан, алардын калкынын өсүү темпи жер шарындагы калктын санынын өсүүсүнө зор таасирин тийгизип, дүйнөлүк демографиялык "жарылууга" алып келген; ал эми ал өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр глобалдык мүнөзгө өткөн. Ал эми Батыш Европа, Түндүк Америка, ошондой эле мурдагы СССР аймагында калктын санынын өсүүсү салыштырмалуу төмөн (орто эсеп менен 0,2–0,8%) болгон. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча калктын саны 20-кылымдын аягында 6 миллиарддан ашып, 2090-жылы (2095-жылы) 10,2 миллиардга (12 миллиард) жетип, туруктуу өсүү темпине ээ болушу мүмкүн. Мындай темптеги көбөйүү жер шарынын айрым аймактарында табигый экосистемаларга чоӊ басым келтирип, жашоону камсыз кылуучу жаратылыш системаларын бузууга алып келиши ыктымал; тамак-аш каатчылыгы пайда болот. Азыркы учурда БУУнун маалыматы боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 515 миллион адам дайыма ачкачылыкта жашоодо. Ошондуктан азык-түлүк каатчылыгын глобалдык деӊгээлде чечүү үчүн демографиялык, экологиялык, энергетикалык жана башка факторлорго байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөгү акыркы 200 жыл ичиндеги төрөлүүнү жана өлүм-житимди талдоонун негизинде «жөнөкөй» туруктуулуктун (төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин жогору болушу) «азыркы» туруктуулукка (төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин төмөн болушу) өтүүсүн даана байкоого болот. Бул демографиялык өткөөл 4 фазаны камтыйт: 1. Медицина начар өнүккөн абалда: төрөлүү деӊгээли жогору, балдардын өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. 2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үйрөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүмүнүн) кыскарышы калктын тез өсүп кетүүсүнө шарт түзгөн. 3. Социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр (материалдык өндүрүштүн өнүгүүсү, калктын турмуш-тиричилигинин жакшырышы, саламаттыкты сактоо деӊгээлинин өнүгүүсү) төрөлүүнүн төмөндөшүнө алып келет. Бул фазанын аягында калктын саны кайра турукташат, анткени балдардын өлүм-житиминин азайышы төмөнкү төрөлүүнү толуктап турат. 4. Калктын санынын жаӊы туруктуулугу төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин азайышынан түзүлөт.