ДАЛЛАС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДА́ЛЛАС – АКШнын түштүгүндөгү шаар (1856). Техас штатында. Тринити дарыясынын боюнда. Калкы 1,3 миллион (2020, агломерациясында 7,5 миллион) Эл аралык аэропорту бар. АКШнын түштүгүнүн

ири экономикалык-соода-финансы борбору жана жолдор тоому. Түштүк нефть-газ өнөр жайынын уюштуруу борбору. Ири авиа ракета-космос, радиоэлектроника, прибор куруу, нефть-газ өнөр жайы үчүн жабдуу, тамак-аш, тигүү, полиграфия, кагаз, химия (самын жана жасалма жуучу каражаттар) өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музей, театрлар бар. Далласта президент Ж. Кеннеди атылган. Эл аралык конкурстар (органчылардын), ярмаркалар өткөрүлүп турат.