ГҮЛЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛЧӨ – Ош облусундагы шаар, Алай районунун борбору. Ош – Хорог автомобиль жолунун жана Гүлчө суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан. Ош шаарынан 85 километр түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 14 083 (2022). Гүлчө акционердик коому, май заводу, нан комбинаты иштейт, төрт орто мектеп (анын ичинен 2 лицей), балдардын чыгармачылык борбору, бала бакча, маданият үйү, музей, китепкана, оорукана, тиш дарылоо кабинети, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, эс алуу жайлары, мончолор бар. Кыштактын аймагында биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык Гүлчө-Дөбө археологиялык эстелигинин калдыктары сакталган.

Алайдын Гүлчө айыл өкмөтүнө кире бериштеги арка.
Кечки арка.
Гүлчө шаары.