ГУАНЧЖОУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУАНЧЖО́У, К а н т о н – Түштүк Кытайдагы ири шаар жана экономикалык борбор. Порт (жылына 15 млн тонна жүк ташылат). Гуандун провинциясынын административдик борбору. Түштүк Кытай деӊизине жакын (110 км), Чжуцзян дарыясынын дельтасында жайгашкан. Калкы 18,6 млн (2020). Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (жут, рапс, пахта, жибек), тамак-аш (кант ж. б.) жана целлюлоза-кагаз, ошондой эле кара металлургия, машина куруу, химия, цемент, резина, булгаары-бут кийим, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сунь Ятсен атындагы университет бар. Биздин заманга чейин 3-кылым ченде пайда болгон.