ГИПОГЕН КЕНДЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГИПОГЕ́Н КЕНДЕРИ (гипо… жана genеs – жаралуу), м а г м а т о г е н к е н д е р и, э н д о г е н к е н д е р и – жер кыртышынын түпкүрүндө пайда болгон кендер. Гипоген кендери жер кыртышынын төмөнкү катмарларындагы жогорку басым менен температура шартында магма эритмелериндеги же газ-буудагы жана ысык суу эритмелериндеги минерал заттарынан пайда болот. Ал магма, пегматит, карбонатит, скарн жана гидротерм кендери болуп 5 генезистик топко бөлүнөт, к. Магма кендери, Пегматит кендери, Карбонатит кендери, Скарн кендери, Гидротерм кендери.