ГИЛЕЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГИЛЕ́Я (грекче Hуlе – токой) – Түштүк Америкадагы, негизинен Амазонка дарыясынын алабындагы нымдуу тропиктик токой. Көп ярустуулугу, түргө, ошондой эле лиана жана эпифиттерге өтө бай болгондугу менен өзгөчөлөнөт. Терминди 1820-жылы А. Гумбольдт сунуштаган. Гилеяда баалуу дарак өсүмдүктөрү (мисалы, какао, гевея) көп кездешет. Гилея дайыма ысык жана нымдуу климаттык шартта өскөндүктөн, биологиялык ритмдин сезондуулугу анча байкалбайт. Кеӊири мааниде бүт континенттердеги нымдуу тропик токойлору гилея деп аталат.