ГИДРОЛОГИЯ СТАНЦИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОЛО́ГИЯ СТАНЦИЯЛАРЫ – 1) гидрометеорологиялык кызматтын дарыя, көл, деӊиз, суу сактагыч, саз жана мөӊгүлөрдүн гидрологиялык режимине байкоо жүргүзүп, изилдөө иштерин аткаруучу өндүрүш органы. Курал жана приборлор менен жабдылган пункттары болот. 2) Деӊиздин же көлдүн координаталары белгилүү чекиттериндеги пунктары. Анда кемеден гидрологиялык (деӊиздин абалы, аба ырайы, суунун өӊү, тунуктугу, температурасы жана химиялык курамына, ошондой эле агымдардын багыты жана ылдамдыгына) байкоолор жүргүзүлөт.