ГЕОСФЕРАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОСФЕРАЛАР (гео.. жана сфера) – Жердин агрегаттык абалы, физикалык касиеттери жана химиялык курамы боюнча айырмаланган, борборлошкон, бүтүн же үзгүлтүктүү катмарлары (кабыктары). Жердин четинен борборун көздөй магнитосфера, атмосфера, гидросфера, литосфера, мантия жана Жердин борбордук бөлүгү – ядро бөлүнөт. Мындан тышкары геосфераларга жер бетинде тиричиликти жайылткан жана атмосферанын төмөнкү, литосферанын жогорку бөлүгүн, бүт гидросфераны камтыган биосфера, ошондой эле спецификалык түрдө географиялык
кабык кирет, к. Жер.
Ы. Токторова.