ГВАДЕЛУПА
ГВАДЕЛУ́ПА – Франциянын «деӊиздеги алыскы» депертаменти (1946). Кариб деӊизиндеги Кичи Антил архипелагынын (Айдарым аралдар тобуна) борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жакын жаткан аралдары м-н (Мари-Галант, Дезирад, Ле-Сент, Сент-Бартельми, Птит-Тер, Сен-Мартин аралдарынын түндүк бөлүгү) Гваделупанын курамына кирет. Аянты 1,8 миӊ км2. Калкы 396,0 миӊ (2024). Административдик борбору – Бас-Тер шаары. Расмий тили – француз

тили. Калкынын 95% католиктер, 4%ке жакыны индуисттер жана салт болуп калган жергиликтүү динди туткандар. Административдик-аймактык жактан 3 округка бөлүнөт. Акча бирдиги – евро.
Гваделупа аралдары акиташ тоо тегинен турган платодон (бийиктиги 130 мге чейин) жана жанар тоо массивинен турат. Аракеттеги Суфриер жанар тоосу бар (бийиктиги 1467 м). Аралдарын шуру (коралл) рифтери курчап турат. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм, тоолорунда 3000 мм. Февралдын орточо температурасы 24°С, августтуку 27°С. Нымдуу дайыма жашыл тропик токою, мангр өсүмдүктөрү ээлейт, жалпы аянты 34,8 миӊ га келген коргоого алынган 8 табигый аймак уюштурулган (анын ичинде Гваделупа улуттук паркы).

Кайра иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Анын негизги тармагы – ром жана кант өндүрүү. Жеринин 15% иштетилет. Бал камыш, банан, цитрус өсүмдүктөрү, коон, буурчак, маниок, баклажан ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы өнүккөн. Балык кармалат.
1493-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. 1674-жылы арал Франция ээлиги деп жарыяланган. 1810-жылы англичандар басып алган, бирок Париж келишими боюнча 1816-жылы Францияга кайтарылып берилген. 1946-жылы Франциянын «деӊиздеги алыскы депертаменти» деген статуска ээ болгон.
ИДПнин көлөмү 3,5 млрд долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 7,9 миӊ доллардан туура келет (2003). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, өнөр жайыныкы 17%, айыл чарбасыныкы 15%. Туризм (дайвинг, яхтинг ж. б.; жылына 675 миӊ турист келет) активдүү өнүгүүдө.
Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 950 км (2003). Негизги порттору: Бас-Тер, Густавия, Пуэнт-а-Питр. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка банан, кант, ром, коон чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина курууга керектүү продукция, кийим-кечек, күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Мартиника, АКШ (экспорт); Франция, Германия, АКШ (импорт).