ГАДЕЛЬШИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАДЕЛЬШИН Хамит Габдулович [10. 07.1923, РСФСР, Башкырт АССРи, Белебей кантону (азыркы Россия Федерациясы, Башкортостан Республикасы, Биж-Булак району, Аитов кыштагы – 10. 01. 2000, Бишкек) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Советтик Армиянын катарына 1941-жылы августта Фрунзе шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылып, ошол эле жылы Ташкенттеги байланышчылардын аскердик окуу жайын бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта Талаа фронтунда 46-армиянын 31-аткычтар дивизиясынын 1449-айрым байланыш ротасында уулук радиотелеграфист катары кызмат өтөгөн. Украинаны баскынчылардан бошотууда душмандын тереӊ тылына 8 жолу барып, баалуу маалыматтарды рация

аркылуу билдирген. 1943-жылы 27-сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө (Сошиновка кыштагы) көрсөткөн эрдиги үчүн сержант Х. Г. Гадельшинге 22. 02. 1944-жылы Советтер Союзунун баатыры наамы (№ 3552) ыйгарылган. 1944-жылдан 3- жана 4-Украина фронтторунда салгылашып, Украина, Молдавия, Румынияны бошотууга катышкан. Согуштан кийин Ленинград аскердик байланыш окуу жайын жана Аскердик байланыш академиясын бүтүрүп, Житомир шаарындагы (Украина ССРи) байланышчылардын Жогорку окуу жайында сабак берген. 1969-жылы полковник Х. Г. Гадельшин запаска чыгып, Фрунзе шаарындагы № 27 кесиптик-техникалык окуу жайында эмгектенген.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.