ГАВАНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ВАНЬ – океан, деӊиз же көл жээктеринин кеме токтотууга, аны оӊдоого жана кыштоого ылайыктуу, шамалдан, агымдан жана толкундан ыктоо жайгашкан, табигый же жасалма жол менен тосулган бөлүгү. Порттун жүргүнчү менен жүк кабыл алып, жөнөтүп туруучу бөлүгү да гавань деп аталат.