ВИТСЕН Николаас

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТСЕН Николаас [(нид. Witsen Nicolaes), 08. 05. 1641, Амстердам, Голландия графствосу – 10. 08. 1717, ошол эле жер] – голландиялык (азыркы Нидерландия) саякатчы, картограф. 1664–1665-жылдары Россияга (Московия) келип, кыска убакытта келечектеги орус падышасы Петр Алексеевичтин жакын кеңешчилеринин бирине айланган. Амстердамга кайткандан кийин 20 жылдан ашык убакыт бою Россияга жасаган саякаты тууралуу маалыматтарды чогултуп, жыйынтыгында 1687-жылы ал орус падышасы (1682–1725) Петр Iге (1672–1725) арналган Сибирдин «Азия менен Европанын түндүгү жана чыгыш бөлүктөрү, ошондой эле Жаңы Жерден Кытайга чейинки географиялык жаңы карта» (ор. «Новая географическая карта Северной и Восточной части Азии и Европы, простирающаяся от Новой Земли до Китая, 1687 год») аттуу чоң картаны түзүп чыккан. Картанын негизин Сибирь, азыркы Моңголия жана Борбордук Азия ээлеп, азыркыга чейин ал Санкт-Петербург шаарындагы Россия Федерациясынын улуттук китепканасында сакталып турат. Ага кошумча 1692-жылы Амстердамда голланд тилинде Н. Витсендин 660 беттен турган «Түндүк жана Чыгыш Тартария» («Noord en Oost Tartarye») аттуу китеби басылып чыккан. Ал Сибирдин географиялык шарты жана ал жерде жашаган элдердин этнографиялык абалы сүрөттөлүп, Европада биринчи жолу жарык көргөн эмгек болгон. Н. Витсендин картасы менен китебинде азыркы Крым, Кавказ, Түркстан, Сибирь, Моңголия, Тибет, Кытай жана Кореянын 17-кылымдардагы тарыхый жана географиялык топонимикалары, ошондой эле ал жерлерди мекендеген түрдүү эл же уруулар [мисалы, өзбек (usbec, sive zagathay), түркмөн (turсmen), казак (kasak же kozak), якут (iakuten), калмак (calmacken), таңгут (tangutsche), остяк (ostiacken), кыргыздар (kirgizen)] ж.б. жөнүндө этнографиялык баалуу маалыматтар жолугат. Ошол мезгилде жашаган мекенине жараша Н. Витсен кыргыздарды сибирдик жана кашкарлык деп, эки түргө бөлүп караган. Сибирь кыргыздары тууралуу: «Тартариядагы остяктар менен кыргыздар сокур кечилдерди абдан сыйлайт, алар өтө көп, кебетеси кечил болуш үчүн көзүнөн ажыроого даяр болушат окшойт» деп эскертет. Андан ары этнографиялык маалымат катары Калмакия же калмактардын жери жөнүндөгү бөлүмдө якут, калмак, таңгут ж.б. менен бирге остяк жана кыргыздардын кийимчен сүрөтүн келтирген. Мындан алардын окшош кийим кийип жүрүшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми Чыгыш Түркстанда Каскар (Cascar) деген шаар жайгашканын жана анын айланасында мусулман дининдеги калк жашап, алардын бири саны 20 миңдей «ак кыргыздар» деген маалымат берет. Бирок Н. Витсен аталган жерлердин баарын өзү кыдырып чыккан эмес, ар узак убакыт бою ар кайсы жазма же тарыхый булактарды пайдаланып, жыйнап, тактап чыккан. Бул эмгектин экинчи, толукталган басылышы 1000 бетти түзүп, 1705-жылы эки том түрүндө жарык көргөн жана анда болжол менен 9500 ашык топографиялык аталыштар камтылган. Эмгек үчүнчү жолу 1785-жылы басылып чыккандан кийин ошол учурдагы алдыңкы окумуштуулар тарабынан ага «бул эмгекте Борбордук жана Түндүк Азияга тиешелүү бардык илимдер камтылган» деген жогорку баа берилген. Н. Витсендин эки томдук «Түндүк жана Чыгыш Тартария» эмгеги 1705-жылдан баштап орус тилине которула баштап, ал 1950-жылы аягына чыккан (котормочусу В. Г. Трисман). Бул эмгек Борбордук Азия, анын ичинде кыргыздардын тарыхын окутууда өтө маанилүү булактардын бири болуп эсептелет.

Ад.: Николаас Витсен. Северная и Восточная Тартария, включающая области, расположенные в северной и восточной частях Европы и Азии / Перевод с голланд. В. Г. Трисман. В 3-х томах. Амстердам, 2010.

Э. Турганбаев