ВЕБ-СЕРВЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВЕБ-СЕ́РВЕР, w e b-с е р в е р, w w w-с е р в е р – компьютердин web-броузерлерине документтерди чакырып алууга мүмкүнчүлүк берүүчү программа, башкача айтканда www режиминде иштөөгө ылайыкталган сервер. Ал www-бет түрүндө уюштурулган маалыматтарды сактоого ж-а сырткы тармакка берүүгө жөндөмдүү. Web сөзү www (world wide web) – бүткүл дүйнөлүк желе дегенди билдирет. Интернет тармагынын бир бөлүгү. HTTP (гипертекст түрүндөгү документтерди өткөрүп берүү протоколу) протоколун колдонууга ылайыкталган ж-а HTML (гипертекст түрүндөгү документтерди даярдоо тили) файлдарды таап, Web-беттерин түзүп, интернет аркылуу кардарларга жиберүүчү программа 1990-жылы Берн шаарында (Швейцария) Европа элементардык бөлүкчөлөр физикасы лабораториясында түзүлгөн.