ВАГИНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАГИНИ́Т, к о л п и т (гр. kjlpos – жатын кыны) – жатын кынынын сезгениши. Жеке ж-а жыныс гигиенасын жакшы сактабаганда жатын кынына оору козгоочу микроорганизмдер ж-а мите козу карындар түшкөндө, кынга бөтөн нерсе киргенде, аборттон жана төрөттөн кын жабыркаганда пайда болот. Ошондой эле жатын кынын көп жуу, бойго бүтүрбөөчү химиялык заттарды көпкө колдонуу, жатындын түшүшү, жатын шакекчесин көпкө кийүү ж. б. түрткү берет. Анын пайда болушуна климакс мезгилинде энелик бездин функциясынын начарлашы да таасир этет. Вагинитте суюктук бөлүнүп, ичтин төмөн жагы салмактанып ооруйт, жатын кыны кычышат ж-а ачышат. Аны трихомонада жана гонококк козгосо ак, кээде коюу ириӊдүү, боз суюктук көп бөлүнүп, жыныс органдарынын терисин жана былжыр челин дүүлүктүрөт. Врачка эрте кайрылып, аял, эркек экөө теӊ дарылануусу керек. Алдын алууда жеке гигиенаны сактоо чоӊ мааниге ээ.