БОГОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГОК а д а м д а – калкан сымал бездин шишип чоӊоюшу. Мында бездин кызматы бузулуп, организмдин жалпы абалы начарлайт. Сырттан караганда моюндун алдында томпоюп шишигенсип байкалып турат. Анын бир нече түрү бар. Эндемиялык богок тоолуу райондордо жашаган элде учурайт. Оорунун пайда болушуна сууда, топуракта ж-а абада иоддун жетишсиздиги бездин иштешин начарлатып, тироксин гормонун аз бөлүп чыгарат (гипотиреоз). Бул балдарда өтө оор психикалык ж-а дене түзүлүшүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Калкан сымал без кээде өтө чоӊоюп кекиртекти, кан тамырларды ж-а нервдерди кысат. Эндемиялык богоктунтун себебин табуу, аны дарылоо чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Кыргызстанда ага каршы чараларды жүргүзгөндөн (1955-жылдан) кийин ал оору кыйла азайган. Эндемиялык богокту алдыналууда ичилүүчү сууну коргоо, туура тамактануу, санитария-гигиеналык шартты жакшыртуу, иоддолгон туз пайдалануу жакшы натыйжа берет. Диффузиялык ууландыруучу богокто (Базедов оорусу) без абдан чоӊоюп, функциясы күчөйт (гипертиреоз). Богоктун бардык түрүн врач ар кандай дары ж-а гормон м-н дарылайт. Керек учурда хирургиялык операция жасалат.