БЕЛЕКОВ Жанек Омошевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЕКОВ Жанек Омошевич (1960-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке кыштагы) – хирург, ме­дицина илимдеринин доктору (1997), профессор. КММИни (1985), СССР МИАны, А. В. Вишневский атындагы хирургия институтунда аспирантураны (1990, Моск­ва), Казак Республикасынын саламаттык сактоо ми­нистрлигинин хирургия улуттук борборунда докторантураны (1997, Алматы) бүтүргөн. КММИде ассистент, профессор, 1998-жылдан Ош облустук ооруканасынын бөлүм башчысы. Москва онкология коомунун жана Хирургдар-гепатологдор ассоциациясынын мүчөсү. Анын 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде, 3 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Коррекция послеожоговых деформаций и контрактура шеи лопаточным лоскутом на микро­сосудистых анастомозах (в соавторстве). М., 1988; Хиуругические лечение посеоожоговых деформаций шеи (в соаторстве). //хирургия, 1989, №12, с. 92-96.