БЕКТУРГАНОВ Малик Маамыталиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТУРГАНОВ Малик Маамыталиевич (17.12. 1974, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – юстициянын генерал-майору (2026). Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин бүтргөн. 1997–1998-жылдары «Кыргызстан» акционердик-комерциялык банкында юрист-конусультант, башкы адис, 1998-жылы Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокурорунун стажер-жардамчысы, 1998–1999-жылдары 1-май райондук прокурорунун жардамчысы,



1999–2002-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура органдарынын ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн прокурору, 2002–2003-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура жана ички штер органдарынын ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн улук прокурору, 2003–2005-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура жана ички иштер органдарынын ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча секторунун улук прокурору, 2005–2007-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура органдарынын ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча секторунун начальниги. 2007-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, 2007–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү, улук тергөөчү, 2011–2013-жылдары Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө иштери жана тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги, 2013–2015-жылдары Башкы прокуратуранын тергөө, ыкчам-издөө иштери жана тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги, 2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары.