БАСМАЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМАЧЫЛЫК Орто Азияда 1918–1930-жылдарда Совет бийлигине каршы чыккан кыймыл. Басмачылыктын пайда болушуна негизги себептердин бири 1917-жылы 25-октябрда (6 ноябрь) Петроградда куралдуу көтөрүлүштүн натыйжасында Убактылуу өкмөт кулап, бийлик В. И. Ленин башында турган Советтердин колуна өтүшү болуп саналат. Анткени 26–27-октябрга караган түнү «Жер жөнүндө декрет» кабыл алынып, анда жерге болгон жеке менчикти жоюу, бүткүл жер жана анын кен байлыктарын улутташтыруу тууралуу чечим кабыл алынган. Анда помещиктер, ири жер ээлөөчүлөрдүн жерлери конфискацияланып, жер жергиликтүү дыйкандар комитетине жана уезддик дыйкандар депутаттар советине өткөрүп берүү каралган. Эң негизгиси сословиелик катмар, мамлекеттик чин жана наамдар жоюлуп, Россия империясынын чет жакаларында орус эмес улуттардын көп жылдар бою өз алдынчалыгы, өз тагдырын өзү чечүүгө жасаган аракеттери колдоо тапкан. Ошону менен бирге ал декретте чет жакалардагы Россия элдеринин эркиндиги жана теңдигин камсыз кылуу, өз алдынча бөлүнүп чыгууга мүмкүнчүлүк берилип, өзүнчө мамлекет түзүүгө тоскоолдук болбостугу каралган. Бул жобо 3-ноябрда жарыяланган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясы» жана 20-ноябрдагы «Россиянын жана Чыгыштын бардык мусулман эмгекчилерине» жасалган кайрылууларында кенен орун берилип, жер-жерлерге тез тараган. Петрограддагы бийлик советтердин колуна өткөнү тууралуу кабар жеткенден кийин 1917-жылы 15–22-ноябрда Ташкент шаарында өткөн жумушчу, солдат жана дыйкандар депутаттар советинин крайлык съездинин чечиминин негизинде Түркстан крайыдагы мамлекеттик бийликтин башкаруу, ошондой эле аткаруучу жогорку органы катары Түркстан Эл комиссарлар совети (ТЭКС) түзүлгөнү жарыяланат. Бирок анын курамына жергиликтүү улуттардан бир да өкүл болбой, негизинен большевик жана эсерлер кирген. Советтин төрагалыгына жана жол тармагы, почта-телеграф комиссары болуп Ф. И. Колесов дайындалып, ал негизинен Түркстан мусулмандарынын крайлык 4-съездинде көтөрүлгөн мусулмандар кеңешин, анын Аткаруу комитетин кайра шайлоо, учурдагы абал, ошондой эле Түркстанда учредителдик жыйын, крайлык финансы жана милицияны уюштуруу маселесине каршы күрөш жүргүзүүгө киришкен. Натыйжада 1917-жылы 26–29-ноябрда (9–11-декабрь) жергиликтүү элдин улуттук кызыкчылыгын коргоо максатында Түркстан мусулмандарынын крайлык 4-съездинде мурунку Кокон хандыгынын ордуна улуттук-демократиялык өкмөт – Кокон (Түркстан) автономиясы түзүлгөнү жарыяланат. Съезддин ишине 203 депутат, алардан сырткары «Шура-и Ислам» саясий партиясы ж. б. уюмдардан өкүлдөр катышып, анда Түркстандагы бийлик (Түркстан мусулмандар кеңеши, анын Аткаруу комитетин кайра шайлоо, учурдагы абал, ошондой эле Түркстан учредителдик жыйынын, крайлык финансыны, милицияны уюштуруу ж.б.), Түштүк-Чыгыш союзуна (советтерге каршы Дон казак-орус өкмөтү тарабынан түзүлгөн Түндүк Кавказдагы уюм) кошулуу сыяктуу маселелерди караган. Түркстанда өз алдынча автономия, кандай формадагы бийлик куруу жана ал  долбоорду ишке ашыруу аракетине Россиядагы Февраль революциясынан кийинки либералдык-демократиялык кыймыл күчтүү таасир тийгизген.  Ошондуктан улуттардын өз тагдырын өзү чечүүдө жасалган кадамдар жана саясий программаны түзүү этабында улуттук кыймылдагы ар түрдүү топтордун позициялары дээрлик окшош болгону менен өз алдынча автономияга ээ болуу кыймылынын жетекчилеринин ойлору улам жаңыланып же кошумчаланууга дуушар болгон. Эң негизгиси Улуу орус револяциясынын улуттардын өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү идеясын жетекчиликке алып, 27-ноябрь, түнкү саат 24тө «Россия Федеративдүү республикасынын курамында Түркстан улуттарынын аймактык эркин автономиясы түзүлдү» деген саясий чечим кабыл алынат. 28-ноябрда «атайын Учредителдик чогулуш чакырылганга чейин» бийлик Түркстандагы Убактылуу кеңеш жана Түркстан Элдик жыйынына таандык деп жарыяланган. Кокон автономиясы өзүнүн мыйзам чыгаруучу органы катары Түркстан убактылуу совети жана 54 адамдан турган өкмөт курамын түзүп, ага М. Тынышбаев (төрага), М. Чокой (адегенде тышкы иштер министри, кийин төрагасы) ж. б. кирген. Мындай тарыхый чечимге Петрограддагы жаңы жетекчилик каршы болбой, тескерисинче В. И. Лениндин идеялары ишке ашып жатканын жана «өкмөт өзүнүн бирден-бир милдети – азчылыктын укуктарын коргой тургандыгы» белгиленген. Бирок узакка созулган почта-телеграф кызматкерлеринин иш таштоолору жана демократиялык багыттагы газета-журналдардын катуу көзөмөлгө алынышы съездде кабыл алынган чечимдерди жер-жерлерге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Ага карабай Кокондун өзүндө алардын кадыры тез өсүп, «Шура-и Ислам», «Иттифак», «Мусулман эмгекчилеринин союзу» сыяктуу ж. б. уюмдар тарабынан катуу колдоо таап, орус тилиндеги «Свободный Туркестан», «Знамя свободы», казак, кыргыз, өзбек тилдериндеги «Эл байрак» ж. б. сыяктуу басма сөз каражаттарында жарыяланып турган. Мындай абалда большевиктер провокацияга барууга аргасыз болуп, 13-декабрдагы бейтарап митинг учурунда «саясий ыдык көргөн» деген шылтоо менен түрмөдө жаткан адамдарын бошотууга жетишкен. Натыйжада кагылышуу башталып, 16 киши өлүп, түрмөдөн бошотулгандар кармалып, өлүм жазасына тартылган. Ушундай кандуу окуядан кийин Түркстан Эл комиссарлар кеңеши менен Ташкент шаардык кеңеши В. И. Ленинге кайрылып, ага саясий баа берүүнү сураган. Улуттар маселеси боюнча комиссар И. В. Сталин ага «бийлик силердин колдо, демек директиваны да өзүңөр чыгаргыла» деген жоопту берген. Анын негизинде большевиктер «автономияны түзүү тууралуу маселени Учредителдик жыйын гана чечиши керек», «кеңеш өкмөтү автономия курууга каршы эместигин, бирок ал сөзсүз пролетардык формада болуу керектигин» шылтоолоп, Кокон автономиясын мыйзамсыз деп тапкан. Ага жооп кылган Түркстан демократиялык кыймылы мурунку жалпы мусулмандардын 4-съездинин чечимин колдоого алып, 1917-ж. 25-декабрда Кокон шаарында мусулман жумушчу-дыйкан жана солдаттардын чукул чакырылган I съездин өткөрүшкөн. Ага катышкан 200 делегат жалпы мусулмандардын 4-съезди кабыл алынган чечимдерди колдогон токтом кабыл алышкан. Бирок мусулмандардын «Улема» партиясы жана Жети-Суу демократиялык кыймылы Кокон автономиясын колдоого алуудан баш тарткан. Ушуну менен калктын 20%и шайлаган Ташкент шаардык кеңеши туура, ал эми калктын басымдуу бөлүгүнүн ой-тилегин көздөгөн мусулман элинин эки съездинин чечимдери туура эмес деп табылып, крайда кош бийлик орногон. Натыйжада Ташкент эл комиссарлар Совети Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, 1918-ж. февраль айында аларга каршы куралчан интервенция уюштуруунун натыйжасында Кокон автономиясы таратылган. Милициянын начальниги Эргеш башында турган Кокон автономиясынын аскерлери Кокондон качууга аргасыз болушат. Большевиктик партиянын жана Совет өкмөтүнүн динге каршы жаӊылыш саясаты, оокаттуу адамдарды куугунтукташы элдин кыжырлануусун күчөткөн. Крайда саясий кризис башталып, жергиликтүү интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү Совет бийлиги убада берген «чет жактардагы улуттардын өз тагдырын өзү чечүү» саясатына ылайык РСФСРдин карамагында Түрк Советтик Республикасын, ошондой эле крайдагы бир нече партиялык уюмдардын ордуна бирдиктүү «Түрк компартиясын» түзүү маселесин көтөрүп чыгышкан.Басмачылык кыймылынын башталышынын дагы башка себептеринин бирине 1918-жылы 10–31-январь аралыгында Верный шаарында өткөн Жети-Суу облустук казак-кыргыздардын экинчи съезди да түрткү болгон. Ага катышкан кыргыз-казак саясий ишмерлери бул съездин чечимдерин иш жүзүнө ашыруу үчүн алды менен бул жакта күч алып бараткан большевизм менен күрөшүү кажет деген жыйынтыкка келип, аны менен катар тез арада казак, кыргыздардан куралган милиция түзүү жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындан тышкары ачарчылык, жумушсуздук, ошондой эле ЭКС тарабынан Түркстан аймагында шарият мыйзамдарын жокко чыгарылышы басмачылык кыймылдын күч алышына өбөлгө болот. Ошондой эле граждандык согуш мезгилиндеги Түркстан крайынын согуштук блокадада калышы себеп болуп, 1919-жылы 8-октябрда Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу комитети, РСФСР Эл комиссарлар совети (ЭКС) жана РКП(б) БКнын Түркстан иштери боюнча бюросунун биргелешкен чечими менен Түркстан комиссиясы түзүлгөн. Ал комиссияга РКП (б)нын VIII съездинде (18–23-март, 1919-жыл) каралган улуттук республикалардагы партиялык уюмдарды бир компартияга бириктирүү, большевиктер сунуштаган улуттардын өз тагдырын өзү чечүү принцибин колдоо тапшырмасы берилген. Мындан тышкары РКП(б) БКнын атынан Совет бийлигин чыңдоо, партиялык уюмдарды уюштуруу жана бекемдөө, аларды ишке ашырууну көзөмөлгө алуу милдети тапшырылган. Комиссиянын курамына Ш. З. Элиава (төрага), Г. И. Бокий, Ф. И. Голощекин, В. В. Куйбышев, Я. Э. Рудзутак, М. В. Фрунзе сыяктуу партиялык, мамлекеттик ишмерлер кирген. Түркстанда түзүлгөн ушундай саясий курч кырдаалга байланыштуу Т. Рыскулов сунуштаган жаңы программаны негиз кылган Түркстан КПнын V жана коммунист-мусулмандардын III крайлык конференциялары 1920-жылы январь, февраль айларында крайдагы чачкын партиялык уюмдардын ордуна бирдиктүү «Түрк компартиясын» түзүү, РСФСРдин карамагында Түрк Советтик Республикасын уюштуруу маселесин көтөрүп чыгышкан. Натыйжада Түркстан АССРи, Түрккомиссия, Түркфронтунун Революциялык Аскер совети өз алдынча иш жүргүзө башташкан. Түрк комиссиянын мүчөлөрү Я. Рудзутак менен М. Фрунзе Т. Рыскулов сунуштаган программага чечкиндүү түрдө каршы чыккандыктан, РКП (б) БК 1920-жылы 8-мартта «Түркстан автономиясы жөнүндө» жаңы жобо бекитилет. Бирок, бул жобо жалпы Түркстан элинин кызыкчылыгын коргой албастыгын далилдөө үчүн Түркстан АССРинин жетекчилиги май айында Т. Рыскулов, Г. Бех-Иванов, С. Турсунхожоев, Н. Хожаевдерден турган атайын делегацияны Москвага жиберген. Алар крайда саясий реформа жүргүзүү, үч бийликтин жоюлушун талап кылып, финансы, байланыш (темир жол, почта, телеграф), коргонуу, тышкы иштер жана тышкы сооданы Түркстан БАКнын кол алдына өткөрүү маселесин көтөрүшкөн. Делегаттардын бул сунуштары жана В. И. Лениндин кошумча сын-пикирлерин эске алуу менен Түркбюронун мурунку «Биздин Түркстандагы милдеттер», «Түркстандагы бийликтин уюшулушу», «Түркстандагы партиялык курулуштар» жөнүндөгү токтомдорун негиз кылып, РКП (б) БКнын Саясий бюросу ошол эле жылы 29-июнда жаңы токтом кабыл алган. Анда делегаттардын кээ бир сунушун (мис., европалык «келгиндер» менен жергиликтүү калктын ортосундагы маселенин курчуп баратышы ж. б.) колдоп, алиге чейин «улуу орус улутчулдугу, колонизатордук маанайды колдоп жүргөн түрк коммунисттерин БКнын карамагына кайруу» жана «мурун падышалык өкмөткө кызмат кылып, учурда советтик-партиялык орган ж. б. Кызыл Армиянын катарында жүргөн же мурунку полиция, жандармерия, охранкада кызмат өтөгөндөрдү концлагерлерге айдоону» чечкен. Бирок негизги маселенин бири болгон «Түрк компартиясы», Түрк Советтик Республикасын түзүү сунуштары кабыл алынбай, анын негизинде Т. Рыскулов баш болгон Түркстан БАКнын Президиумунун, ЭКС, Түркстан крайкомунун кээ бир мүчөлөрү кызматынан бошотулган. Натыйжада жер-жерлерде жаңы орногон Совет бийлигине ишенбөөчүлүк күчөп чыккан. Совет бийлигине каршы Басмачылык күрөшүнүн Түркстанда башталышы болжол менен 1918-жылы февраль айынын аягына туш келет. Биринчи топторун алгач Кичик Эргаш (Кокон шаарынын полициясынын мурунку башчысы) жана кокондук молдо Чоң (Катта) Эргаш дегендер уюштурушкан. 27-февралдагы кызыл аскерлер менен болгон салгылаштардын биринде Кичик Эргеш каза болуп, анын ордун Катта Эргеш ээлеген. Маргалаңда шаардын милициясынын мурдагы башчысы Мухаммед Аминбек Ахмадбек уулу (Мадаминбек) жетектеген. 1918-жылдын орто ченинде карай Фергана өрөөнүндө 100 корбашынын жетекчилиги астында 15 миң атчан жоокер Кызыл Армиянын бөлүктөрүнө каршы турган. Булардан тышкары Түштүк Кыргызстанга кеӊири жайылган Басмачылык кыймылын Калкожо, Мойдун бек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван ж.б. кор башылар жетектеген. 1918-жылдын жаз айларында Ош шаарынын аймагында кыймыл күч ала баштаган. 1919-жылы августта «Түркстан мусулман ак гвардиясынын» башчысы Мадамин бек Түштүк Кыргызстандагы армиянын командачысы К. Монстров менен Совет бийлигине каршы биргелешип күрөшүү тууралуу согуштук-саясий макулдашуу түзүшөт. Күзүндө Фергананын чыгышын Мадамин бектин кол алдына өткөн. 1919-жылдын сентябрь-октябрь айларында алардын бириккен куралдуу күчтөрү Ош, Жалал-Абадды басып алышып, Анжиянды бөлүп салышат. Ошол эле жылы Фергананын «Убактылуу өкмөтүн» түзүшөт. Анын курамына өкмөт башчысы жана аскер башчы катары – Мадамин бек, орун басары – Монстров, генерал Муханов (аскер министри), адвокат Ненсберг (ички иштер министри) ж. б. кирген. Мадамин бек басмачыларды бириктирүү максатында Айым кыштагында ири кошуундардын башчылары – Калкожо, Көршермат, Эргеш ж. б. башын кошуп, жыйын өткөрөт. Жыйында Мадамин бекти хан шайлашат. Аларды куралдандырууга англиялык өкмөттүн дипломатиялык тобунун башчысы Ф. Бейли, Ташкенттеги Америка консулу Р. Тредуэлл ж. б. активдүү катышкан. Жергиликтүү калк «Түркстанга Россия большевиктеринен эркиндик», «Түркстан – түркстандыктарга» ж. б. чакырыктар менен чыгып, басмачылардын катарын толуктай башташкан. Фергана өрөөнүндөгү татаал кырдаалга байланыштуу Түркстан Республикасынын Революциялык Совети РСФСР БАКка жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүчү менен кайрылат. Ал эми жергиликтүү партиялык жана советтик органдар тарабынан бардык чаралар көрүлүп, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү максатында Түркстан компартиясынын мусулман бюросунун кызматкерлери да кирген атайын комиссия түзүлгөн. Партиянын мүчөлөрүн (мусулмандарды) тез арада куралдандырып, алардан кошуундарды уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган. Бул учурда басмачылык кошуундар Мадамин бек кор башыга гана баш ийип, көптөгөн шаар-кыштактарды каратып алышкан. Совет бийлигин сактап калуу үчүн 1919-жылы 19-августта Түркстан фронту (командачасы М. В. Фрунзе) түзүлгөн. Мындан тышкары Москвадан Түркстан иштери боюнча өкмөттүк комиссия (Түрккомиссия) жиберилген. Анын курамына тажрыйбалуу партиялык жетекчилер: Ш. З. Элиава, М. В. Фрунзе, В. В. Куйбышев, Я. Э. Рудзутак ж. б. кирген. Түрккомиссиянын иш-аракеттери Совет бийлигин чыӊдоо, Орто Азия менен Советтик Россиянын союзун бекемдөө, улут саясатын туура жүргүзүү, б. а. Түркстан большевиктеринин кетирген кемчиликтерин жоюуга багытталган. 1920-жылы февралда М. В. Фрунзенин буйругу менен Жети-Суудагы кыргыз, казактардан өзүнчө кыргыз атчандар бригадасы түзүлгөн. Буга чейин 1919-жылы декабрда Токмок уездинде М. Масанчи командалык кылган дуӊган атчандар полку уюштурулган. Наманган уездинде А. Осмонбеков кыргыздардан турган отряд түзгөн. Бардык ири калктуу пункттарда жергиликтүү элдерден ыктыярдуу отряддар, коргонуу отряддары, милиция куралган. Түркстандагы советтик органдардын ишин мүнөздөөдө М. В. Фрунзе мындай деп жазган: «Басмачылар жөн гана каракчылар эмес, эгерде андай болсо, алар эбак эле талкаланмак. Басмачылыктын негизги күчүн мурдагы бийликке таарынычы бар, эч жерден колдоо ала албаган жүздөгөн, миӊдеген адамдар түзөт. Аларды мусулман калкы колдойт». М. В. Фрунзе Кызыл Армиянын аскерлеринен Фергананын ар бир айыл-кыштагына жардам көрсөтүүнү, жергиликтүү калктын ишенимине ээ болууну талап кылган. Кайрадан казы сотторун киргизген, вакуфтарды кайтарган. Басмачылык кыймылдын башталышында басмачыларды өз жердештери азык-түлүк менен камсыздаса, бара-бара мындай жыйымдар элге кыйынчылык туудуруп, нааразычылыктарды пайда кылган. Басмачылар алгач коӊшуларын, башкача айтканда өзбек басмачылар кыргыздарды тоносо, алар өз кезегинде өзбектерди, кийин көп учурда өз уруулаштарынан тартып алып, аларга ырайымсыздык менен зулумдук көрсөтүшкөн. 1919-жылдын аяк ченинде Басмачылык кыймыл улуттук-боштондук күрөштөн граждандык согушка айланат. Басмачылык топтору кээде Кызыл Армия менен убактылуу союз, келишим түзүшүп, өз ара согуша башташат. Кийинчерээк Кызыл Армиянын бийлигинин катарына басмачылардын башчылары кошуундары менен өтө баштап, алардын өтүнүчү менен кайрадан коммунисттер, кызыл армиячылар менен толукталган отряддар багынбай жаткан басмачыларга каршы жөнөтүлгөн. Мисалы, 1920-жылдын башында өз эрки менен багынып берген Мадамин бек жана Монстровдун адамдарынан М. В. Фрунзенин макулдугу менен Көршермат, Муэтдин жана Рахманкул кор башылардын кошуундарын талкалоо үчүн аатйын отряддар түзүлгөн. Басмачылык кыймыл башталган алгачкы учурда аны басууга чамасы жетпеген большевиктер Фергана өрөөнүнүндө тынч жашоо өткөрүп жаткан калкка ырайымсыздык менен мамиле кылышкан жана аларга жардам берүүгө келген армяндардын «Дашнакцутюн» куралдуу отряддары өзгөчө ырайымсыздыкты көрсөтүшкөн. Басмачыларды жоюуга аракет кылууда орус дыйкандарын жергиликтүү калкка каршы тукурган учурлар көп кезиккен. Мисалы, Фергана фронтунун командири Д. Е. Коновалов Базар-Коргон айылын басмачылардан тазалоону ага чектеш Никольское айылынын дыйкандарына тапшырган. Натыйжада Базар-Коргонду «басмачылардан тазалоо» шылтоосу менен куралчан орус дыйкандары 23 күн бою кыштакка кол салып, оор кылмышка барышкан. Фергана өрөөнүндөгү талкаланган басмачылардын кошуундары Алай, Памирден орун алып, бул жерден партиялык советтик кызматкерлерди өлтүрүп, айыл-кыштактарга кол салып турушкан. 1921-жылы август айында Бухара шаарында Түркстан улуттук интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү тарабынан «Түркстан Улуттарынын Биримдиги» аттуу уюм уюшулган. 1921-жылы 5–7-сентябрда Самаркандда VI конгресси өтүп, анда анын уставы жана Түркстандын туусу бекитилген. Түркстандын көз карандысыздыгын жарыялаган  бул уюмдун программасын, уставын жана башка документтерин иштеп чыгууда Т. Жанузаков өзгөчө роль ойногон. Ал тууралуу Велиди Тоган тууну түзүүдөгү комиссиянын ишине Мунаввар Кари менен Жанузаков ж. б. бир нече адам катышканын, тууга негиз кылып 11-кылымдагы Махмуд Кашгаринин эмгегинде сүрөттөлгөн селжуктар менен карахандардын туусун алганын, улуттук туу кызыл түстө болуп, аны Тимур жана Тимурлар доорундагы кол жазмаларда сакталып калган миниатюралардын негизинде иштеп чыкканын эскерет. 1922-жылдын июль айында өткөн Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин 4-пленумунда Түркстан Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы К. Атабаев алгач кыймыл талап-тоноочулук маанайда башталса, кийин саясий мааниге айланганын белгилеген. Ушул эле жылы Ферганада ири аскердик күчтөр топтолгон, айрыкча В. И. Лениндин көрсөтмөсү менен татар бригадасынын (командири Ибрагимов) келиши чоӊ мааниге ээ болгон. Ошондой эле 1920-жылы Москвадан жиберилген РКП(б) жана ББАКтын «Кызыл Чыгыш» үгүт-насаат поезди менен Орто Азияга жер-жерлерде ишти уюштурууга жардам берүү максатында ЭКСтин инструкторлору келген. Ушул мезгилде басмачылар биринин артынан бири жеӊилип, аларга колдоо көрсөткөндөн баш тарткан элди кырып, зордук-зомбулук көрсөтүүгө өтүшкөн. Согуштан тажаган эл Кызыл Армиянын катарына өтө башташкан. 1920-жылы 5-майда М. В. Фрунзе Кызыл Армияга жергиликтүү элден 19–35 жаштагыларды мобилизациялоо (Орто Азия элдеринин тарыхындагы биринчи мобилизация) тууралуу буйрук чыгарган. 1922-жылы атайын Кыргыз дивизиону түзүлгөн жана анын командири болуп С. Күчүков дайындалган. «Кызыл кыргыз милициясы», Ош уездинде Кадырбек Камчыбековдун, Наманган уездинде Арстанаалы Осмонбековдун отряддары уюштурулуп, алар армиянын катарында өзгөчө дайындалган куралдуу бөлүк катары салгылашкан. Басмачылардын калган майда бөлүктөрүн жок кылууда Кызыл Армия негизинен милиция отряддарын пайдаланган. Мисалы, Алай өрөөнүнө жиберилген курамына 80 аскер, 300 милиционер кирген отряд 36 күндүн ичинде өрөөндү басмачылардан бошотуп, Көршерматтын бир тууганы Орозмат, Манап паӊсат, Токтомат, Ашырбек паӊсат жана 51 басмачы колго түшкөн. 1921-жылы Муэтдин, Ташмат, Казакбай, Исламкул башчылык кылган Басмачылык кошуундар талкаланып, көпчүлүгү колго түшкөн. Ошол эле жылы Бухарага Түркиянын мурдагы министри Энвер паша келип, чачыранды басмачы кошуундарын армияга бириктирген жана мусулман калктарынан бирдиктүү мамлекет куруу чакырыгы менен чыккан. 1922-жылы жазында ал Бухара Совет Эл Республикасынын бир топ аймагын басып алган. Кызыл Армия тарабынан июнь айында Энвердин аскерлерине катуу сокку берилип, июлда Дүйшөмбү шаары бошотулган, август айында салгылашуулардын биринде Энвер каза тапкан. Бухара шаарындагы Ибрагим бектин (4 миӊдей адам), Хорезмдеги Жунаид хандын кошууну бир топко чейин каршылык көрсөтүүсүн улантышып, 1924–26-жылдары гана толугу менен жок кылынган. Басмачылардын чет өлкөгө качып кеткен топтору 1929-жылдын аягы – 30-жылдын башында кайрадан киришип, Орто Азиядагы айыл чарбасын коллективдештирүүгө тоскоол кылууга аракеттенишкен. Бирок, алардын бул максаты ишке ашпай, Совет бийлиги тарабынан талкаланган.
Ад.: Алексеенков П. Кокандская автономия. Революция в Средней Азии. Таш., 1931; Бай-мирза Хаит. Басмаческое движение. 1922; История Киргизской ССР. Т. 2, Ф., 1967; Фрунзе М. В. Избранные произведения. М., 1951. Великая Октябрская революция и гражданская война в Киргизии (1917–1920). Документы и материалы. Ф., 1957; Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления. Б., 1992; Агзамходжаев С. История Туркестанской автономии (Туркистон мухторияти) Таш., 2006.
С. Бегалиев, А. Кубатова.