АЮКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЮКЕ, Аюхай [1642, Жуңгария ‒ 19. 02. (01. 03) 1724, Россия империясы] ‒ калмактардын башкы тайшысы (1672–1690), Калмак хандыгынын ханы (1690–1724). Мончок хандын уулу, Жунгар хандыгында тарбияланган. 1690-жылы Дайчин-Аюши-хан деген ысым менен такка отурган. 1682—1683-жылдарда Аюкенин аскерлери Россияга каршы чыккан башкырт козголоӊдорун талкалоого катышкан. 1683-жылкы келишим боюнча ал түбөлүккө орус букаралыгына өтүүгө милдеттенүү менен кызматы үчүн орус бийликтеринен маяна алып турган. Ошол эле учурда Россиянын Швеция, Осмон империясы, Крым хандыгы жана Персия менен болгон карама-каршылыктарын, өлкөдөгү көтөрүлүштөрдү өз алдынча саясат жүргүзүүдө ийгиликтүү пайдаланып келген. Россияга таянуу менен 1670-жылдары Крым хандыгына каршы күрөшүп, 1680‒1690-жылдары Түндүк Кавказга, Казак, Хива, Түркмөн хандыктарына каршы жортуулдарды уюштурган. Болжол менен 1690-жылы Аюке келишпес атаандаштарынын баарын жок кылган соң, калгандары анын бийлигин таанышкан. Аюке 1690-жылы Далай-ламадан хан титулун алган. 17–18-кылымдардын чегинде өзүнүн уулдарына каршы күрөштө Петр I ден жардам сурап кайрылган. Уулу Санжип 15 миӊ түтүн эли менен Жунгар хандыгына (1701) көчүп кеткен. Аюке Астрахан (1705–1706), Булавин көтөрүлүштөрүн (1707–1709) басууга жардам берген, Түндүк согушунда (1700–1721-жылдар) анын калмак атчандары орус армиясынын курамында согушкан. Ишенимдүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Петр I аны алтын кылыч менен сыйлаган. Анын тушунда хандыктагы башкаруу системасы, салык чогултуу, сот иштерин жүргүзүү тартипке келтирилген. Аюке акылдуулугу, айлакерлиги жана ырайымсыздыгы менен белгилүү болуп, 50 жылдан ашуун бийлеген. Аюке Калмак тарыхындагы ири саясий ишмер катары белгилүү. Аюке такка мураскер катары кенже уулу Серен Дондукту калтырган. Өлгөндөн кийин диний ырымдарга ылайык сөөгү өрттөлүп, күлү Тибетке жиберилген. Небереси Дондук-Омбонун тукумдары Дондуковдор, Дондуков-Корсаковдор Россияда князь титулуна ээ болушкан.