АШЫКЧА КОШУМЧА НАРК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АШЫКЧА КОШУМЧА НАРК – салыштырма кошумча нарктын бир түрү. Айрым ишканаларда жаӊы техниканы жана сарптоо чыгымдарын кескин азайтуучу жаӊыча ыкмаларды өндүрүшкө кийирүүнүн натыйжасында пайда болот. Жакшыртылган техника жана эмгекти жаӊыча үнөмдүү уюштуруу ыкмалары ошол өндүрүш тармагынын көпчүлүк ишканаларында өздөштүрүлгөндө Ашыкча кошумча нарк алуу жоюлат.