АТООЧТУК СҮЙЛӨМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК СҮЙЛӨМ ‒ баяндоочу зат атоочтон болгон сүйлөмдөр, атооч сөздөрдөн, атоочтук сөз айкаштырынан түзүлгөн атама сүйлөмдөр жана баш мүчөсү атоочтон, атоочтук сөз айкаштарынан болгон бир тутумдуу сүйлөмдөр (мисалы, Өмүрдүн кубанычы ‒ эмгек. Мен агрономмун. Таӊ агарган мезгил. Жайылган мал. Кайда болсун бир өлүм жана башкалар).