АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ‒ автоматтык жөндөө жана башкаруу системасынын түзүлмөсү; мында башкаруу объектисинин жөндөөчү органын механикалык которууну (же бурууну) түздөн-түз ишке ашырат. Керектелүүчү энергиянын теги боюнча гидравликалык, пневматикалык, электрдик жана башка болуп бөлүнөт. Ал кыймылдаткычтан, кыймыл өткөргүчтөн, кабар берүүчү, текшерүүчү жана ажыратуучу элементтерден турат. Электрдик кубаттуулугу 10‒1000 Втка жетет. Пневматикалык Аткаруучу механизм 6 кг/см2 , гидравликалыгы ‒ 30 кг/см2 ка чейинки басым менен иштейт.