АТАМАНОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАМАНОВА Ольга Викторовна (01.09.1962-жылы туулган, Иркутск шаары) ‒ техника илимдеринин доктору (2004). К. И. Скрябин атнындагы Кыргыз айыл-чарба институтун (1984), ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн (1992). Кыргыз айыл-чарба университетинде доцент (1993‒2004), Кыргыз ‒ Россия Славян университетинде профессор (2004-жылдан). Суу мелиорациясы боюнча адис. 47ден ашык илимий эмгектери жарык көргөн.
Эмг.: Совершенствование систем автоматизации водораспределения с использованием гидравлических стабилизаторов расходов воды. Б., 2000.