АСКЕРДИК АНТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АСКЕРДИК АНТ– Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар
намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. Аскердик ант КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде Аскердик ант беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги менен салтанаттуу өткөрүлөт.