АСИМПТОТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АСИМПТОТА (гр. asymptotоs – дал келбөөчү) - координаталар башталмасынан чексиз алыста-
ган сайын ийри сызыкка чексиз жакындай берген түз сызык. Асимптота үч түргө бөлүнөт:
1. |х| → ∞, у→а болгондо у = а түз сызыгы – горизонталь Асимптота.;
2. х —> b , |у| —> ∞ болгондо х = b түз сызыгы – вертикаль Асимптота.;
3. х → ∞. f(x) → ∞ болгондо у = кх + Ь ( мында )
b = limx→∞ [f(x) – kx]
түз сызыгы жантык Асимптота деп аталат. 2-тартиптеги ийри сызыктардан гипербола гана Асимптотага ээ болот. Математикалык анализде Асимптота түшүнүгү чоң мааниге ээ.
Ад.: Кудрявцев Л. Д. Математический анализ в двух томах. М., 1980. Б.
Э.Назаркулова.