АСА-МУСА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСА-МУСА– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) музыкалык

Файл:АСА-МУСА 68.png


аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын музыкалык аспап катары ойнолууда.