АСАНОВ Абыт
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АСАНОВ Абыт (02. 09.1952-жылы туулган, Ош облусу, Hooкат району, Өсөр айылы) – математика боюнча адис, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (1998). КМУну (1974), Новосибирск университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1983). KP УИАнын математика институтунда илимий кызматкер (1974-1978), лаборатория башчысы (1983-1998), 1999-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде профессор. 108ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы, 5 окуу китеби жарык көргөн. Эмгектери негизинен математиканын корректүү эмес маселелер тармагын изилдөөгө арналган.