АРТЕМИДА ХРАМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕМИДА ХРАМЫ– гректердин аял Кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес шаарында курулган храм. Мрамордон салынган. Анын курулушу 120 жылга созулуп, биздин заманга чейинки 550-жылы ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу менен атагы чыккан. Артемида храмы кийин бузулуп жок болуп кеткен.