АРИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АРИЯ (итал. aria – аба, атмосфера) – 1) формасы боюнча операдагы, ораториядагы же кантатадагы оркестрдин коштоосунда жалгыз ырчы аткаруучу чыгарма; 19-кылымдын ортосунан опереттадагы вокалдык композиция. Өз алдынча чыгарма катары да кездешет. Ариянын түрлөрү: ариетта, ариозо, каватина, кабалетта жана башкалар; 2) Батыш Европа музыкасында бир катар ыр-бий жанрларын бириктирүүчү көп маанилүү термин; 17-кылымдан бий же ыр мүнөзүндөгү аспаптык пьеса болуп эсептелет. Аспаптык ария балетке, балеттик интермедияга кирет.