АРИМЖАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИМЖАН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Сакалды айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 9 км батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 57 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 533 м би­йиктикте. Калкы 2 211 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Май куюучу жай, автомобиль сервиси иштейт. Орто мектеп, ФАП, маданият үйү бар.