АРВАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРВАД – Түндүк Финикиядагы биздин заманга чейин байыркы шаар-мамлекет. Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги аралда жайгашкан. Сириянын Тартус шаарынан 3,5 км жана Триполиден 47 км түндүктө. Шаар биздин заманга чейин 3-миң жылдыктын биринчи жарымында ханааней уруулары же арвадиддер тарабынан негизделген. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта финикиялык ири шаар-мамлекеттердин бири болгон. Селевкиддер мамлекетинин падышасы Антиох I Сотер шаарды өзүнүн атасы же чоң атасы Селевка I Никатордун урматына Пиерия Антиохиясы деп өзгөрткөн. Биздин заманга чейин 15-кылымдын башында Египет булактарында, биздин заманга чейин I миң жылдыктын башында ассирия-вавилон шынаа тексттеринде эскерилгендей, Авад деңиз саякатчыларынын жана соодагерлеринин маанилүү борбору, ошондой эле чет өлкөлүк басып алуулардан качкан адамдарга баш калкалоочу жай катары эсептелген. Биздин заманга чейин 14-кылымда Арвад хеттер менен союздашып, Египетке каршы турган. Биздин заманга чейин 1100-жылы ченде Ассирия падышасы Тиглатпаласар Iге салык төлөгөн. Биздин заманга чейин 853-жылы Ассирия падышасы Салманасар IIIгө каршы Каркар согушуна катышкан. Биздин заманга чейин 734-жылы кайрадан Ассирияга, 604-жылы Жаңы Вавилон падышалыгынын падышасы Навуходоносор IIге баш ийген. Биздин заманга чейин 5-кылымдын аягынан шаар өзүнүн монетасын чыгарган. Биздин заманга чейин 500–499-жылдардагы грек-перс согуштарында Персияны колдогон. Эллиндик жана римдик доорлордо Арвад көз карандысыздыкка ээ болгон. Аны Рим-Византия мурасчысы башкарган. Орто кылымдарда Византиянын кулашына байланыштуу Арвад кресттүүлөргө баш ийген. 1302-жылдан мусулмандарга багынып берген. Арвад тургундары балык уулоочулук менен белгилүү.