АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович [30. 08 (11. 09). 1877, Казан губерниясы, Арбузово-Баран айылы - 22. 01. 1968, Казан шаары] – химик, СССР ИАнын академиги (1942); корреспондент-мүчө (1932), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). А. М. Зайцевдин окуучусу. 1900-жылы Казан университетин бүткөн. 1911-1930-жылдары ошол университеттин, 1930-жылдан Казандагы химиялык-технологиялык институтунун профессору, 1945-1963-жылдары СССР ИАнын Казандагы филиалынын председатели. Фосфорлуу кислотата жана анын бирикмелеринин түзүлүшүн аныктаган. Фосфор органикалык бирикмелерин синтездөөнүн бирден-бир негизги жолу болгон реакцияны (Арбузов реакциясы) ачкан. Арбузов химиялык катализ жана фосфорлуу кислотанын диалкил эфирлеринин таутомерлерин изилдеген жана химиянын өнүгүшүнө баалуу эмгек сиңирген. Ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырын изилдеп, чайырды коромжусуз жыйнап алуу техникасын иштеп чыккан. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1947), беш Ленин жана башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.