АРАМЕЙ ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАМЕЙ ЖАЗУУСУ биздин заманга чейин 9-кылымда семит урууларынын бири – арамейлер чыгарган алфавиттик жазуу. Финикия жазуусунун негизинде пайда болуп,

Файл:АРАМЕЙ ЖАЗУУСУ 40.png

үнсүз тыбыштар гана берилген. Арамей жазуусу 8-кылымдын аяк ченинен баштап Ассирияда кеңири колдонулган, 6-4-кылымдарда Кичи Азиядан Индияга чейин тараган. Байыркы эстеликтери биздин заманга чейин 9-8-кылымдарга таандык. Арамей жазуусунан сирия, несториан, еврей, араб, пехлеви, байыркы уйгур, байыркы монгол жана башка жазуулары келип чыккан.