АРАЛ ДЕҢИЗИ
АРАЛ ДЕҢИЗИ, А р а л – Кара-Калпак Республикасы менен Казакстандын аймагында жайгашкан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты 36,5 миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 10–15 м, эң терең жери 54,5 м. Түндүк жээги тик, батыш жээги жардуу, түштүк жана чыгыш жээктери түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу ж. б. аралдары бар. Көлгө мурда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя куйган. Суунун бетиндеги температуpa жайында 26–30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу 15,9‰. 20-кылымдын 60-жылдарынан баштап, көлгө куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири пайдалангандыктан, деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сыр-Дарыя, айрым жылдары Аму-Дарыя көлгө куйбай калды. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социалдык-экономикалык структура өзгөрдү. Арал деңизинин аймагы «экологиялык алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары көрүлүүдө, к. Арал апааты.
К. Молдошев.