АРАЛ-САЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АРАЛ-САЙ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 4 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 8 км. Деңиз деңгээлинен 710 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 051 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет.