АРАГУАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАГУАЯ – Бразилиядагы дарыя, Токантинс дарыясынын (Амазонканын алабы) негизги сол куймасы. Узундугу 2630 км, алабынын аянты 370 миң км²дей. Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Ортоңку агымында эки айрыкка бөлүнүп, дүйнөдө эң ири дарыя аралдарынын бири – Бананалды (узундугу 300 кмден ашык) пайда кылат. Төмөнкү агымы босоголуу. Суусунун орточо чыгымы 8500 м3/секдай. Ортоңку агымында (1300 км аралыкта) кеме жүрөт.