АПОГЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОГЕЙ (апо... жана гр. ge – Жер) – 1) бир нерсенин эң жогорку баскычы. Көркөм чыгармада конфликттин апогейи, сюжеттин апогейи ж. б. болушу мүмкүн; 2) Айдын жана Жердин жасалма жандоочторунун орбита боюнча айлангандагы Жерден өтө алыс чекити. Астрономияда «апогей» термини жерди туюк орбита боюнча айлануучу асман телолоруна гана тиешелүү.