АНТИЛОПАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИЛОПАЛАР – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбарлар. Денеси субагай, буттары ичке, узун, илбериңки. Көпчүлүк түрүнүн эркегинде гана мүйүз болот. Көбүнчө Африка жана Азия (жейрендер, бөкөндөр) талаа, чөл мейкиндигинде жашайт. Айрымдары тоолуу жерлерде, субальпы жана альпы бөксө тоо

Файл:АНТИЛОПАЛАР 114.png
Антилопалар: 1 – горал; 2 – жейрен.

өрөөндөрүндө кездешет. Антилопалардын эти, териси жана мүйүзү үчүн мергенчилик жасалат. Алардын саны азаюуда, айрымдары коргоого алынган. Бир катар түрлөрү улуттук парктарда гана сакталган.