АНОПРИЕВ Геннадий Федорович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНОПРИЕВ Геннадий Федорович (04.01.1947-ж. туулган, Кант шаары) – бокс боюнча спорт чебери (1969). КРдин көп жолку чемпиону. КРдин (1984) жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1990). Бокс менен 1962-жылдан машыга баштаган. 1971-жылы КМДТИни бүткөн. Кант шаарында балдар жана жаштар спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. Бокс боюнча 14 спорт чеберин даярдаган. Эң атактуу шакирти дүйнөнүн профессионалдык бокс боюнча чемпиону О. Назаров болгон.