АННАПУРНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННАПУРНА – Чоң Гималайдагы чоку. Непалдын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бийиктиги 8091 м. Түбөлүк тоң жана түндүк-батыш капталын мөңгүлөр ээлейт. Чокуга алгач француз экспедициясынын катышуучулары М. Эрцог менен Л. Лашенал чыгышкан.