АНКОУМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНКОУМА – Борбордук Анды тоосунун курамындагы Кордильера – Реалдагы тоо. Боливиянын чыгышында жайгашкан. Бийиктиги 6550 м (кээ бир маалыматтарда 7010 м). Батыш жарым шардын жана Түштүк Американын эң бийик жери Титикака көлүнөн 20 км чыгыш тарабында жайгашкан. Капталдарында асылма жана карст мөңгүлөрү бар.