АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЕСТЕЗОЛОГИЯ – клиникалык медицинанын бөлүмү; ооруну сездирбөө жөнүндөгү илим. Хирургиялык операцияда ооруну басаңдатуучу жана организмдин тиричиликке маанилүү функцияларын (дем алуу, кан айлануу, зат алмашуу жана башка) башкарууну изилдейт, анестезиология практикасында көбүнчө наркоз жана жергиликтүү анестезия колдонулат. Анын өөрчүшүнө орус окумуштуулары И. И. Пирогов, С. П. Федоров, А. В. Вишневский жана башка салым кошкон. Наркоз заттары ингаляция (дем алдыруу) же кан тамырга, булчуң этке, сөөк кемирчегине ийне сайуу, ичегиге клизма жасоо аркылуу берилет. Азыр ооруну сездирбөөнүн жаңы ыкмалары пайда болду, наркоз берүүчү аппараттар жана аспаптар жасалып, жаңы дарылар синтезделди. Булардын негизинде операция опурталдуулугу төмөндөп, жүрөк, өпкө жана башка маанилүү тиричилик органдарына узакка созулган татаал операциялар натыйжалуу ишке ашырылууда.